БАЭ экономика министри менен КР вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун жолугушуусу болду

22.10.2019, 09:00 Акчабар
БАЭ экономика министри менен КР вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун жолугушуусу болду

КР  вице-премьер-министри Замирбек Аскаров ушул күндөрү Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри, Кыргыз Республикасы менен БАЭ экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Султан бин Саид Аль Мансури менен жолугушту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет. 

Тараптар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселесин талкуулап, эки тараптуу алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана БАЭ экономика министри Султан Аль Мансури Бишкек шаарында ушул жылдын март айында өткөн экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын  канааттануу менен белгилешти.

«Күн тартибиндеги жаңы маселелерди түзүү үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын Протоколунун жыйынтыгын жүзөгө ашырууга түрткү беришибиз керек.   Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыттар абдан көп. Бул экономика, соода, айыл чарба, туризм жана авиация чөйрөлөрү. Бул багыттарда кызматташуу аркылуу биз алакабызды мындан дагы тереңдетерибизге ишенем», – деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын Полиция жетекчиси, генерал-майор Абдаллах Халифа Аль Марри менен жолугушту.

 

Тэги: ОАЭ инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу