Кыргызстан Иранга айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт

06.12.2023, 09:20 Акчабар
Кыргызстан Иранга айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин жактырды.

Экономика министринин орун басары Искендер Асыкуловдун айтымында, келишимде экспортко тарифтик квоталар каралган.

“Бул көбүнчө сезондук болот. Маселен, Иранда картошка бышканда бажы төлөмү жок экспорттосо, тескерисинче бизде болгондо, биз алымсыз экспорттойбуз. Кыргызстандан Иранга ири көлөмдө төө буурчак, пахта, жаңгак жана химиялык продуктылар экспорттолуп жаткандыктан, биз айыл чарба продукцияларына басым жасайбыз”, - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, келишим кыргызстандык ишкерлердин 2 млн долларга чейин үнөмдөшүнө өбөлгө түзөт.

Тэги: айыл чарба Иран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу