Дем алыш күндөрү айрым мекеме жана банктар иштешет

01.05.2020, 14:10 Акчабар
Дем алыш күндөрү айрым мекеме жана банктар иштешет

Кыргызстанда май майрам күндөрү айрым мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жумушка чыгууга милдеттүү болот. Бул тууралуу 1-майда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам жүргүзүү жана экономиканын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды»,- деп жазылат маалыматта. 

Ошону менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга да 2, 3 жана 4-майды иш күндөрү деп жарыялоо сунушу берилди.

Кыргызстанда 1-май – Эмгек майрамы, 5-май – Конституция күнү жана 9-май – Улуу Жеңиш күнү. Мыйзам боюнча бул күндөр дем алыш деп аныкталган.

Быйыл 9-май ишемби дем алыш күнүнө туш келгендиктен ал күнкү эс алуу өкмөттүн токтому менен 4-май, дүйшөмбүгө которулган болчу.

Тэги: Кыргызстан май майрам күндөрү банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу