Кыргызстан менен Новосибирсктин ортосундагы соода жүгүртүүсү 46,5% га өстү

23.02.2022, 10:56 Акчабар
Кыргызстан менен Новосибирсктин ортосундагы соода жүгүртүүсү 46,5% га өстү

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиевдин катышуусунда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев менен Россиянын Новосибирск облусунун губернатору А.Травников менен жолугушуу өтүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү жана Новосибирск облусунан жана Сибирь федералдык округунан Ысык-Көл облусуна туристтик агымды көбөйтүү маселелери талкууланды.

Кожоев өз сөзүндө Кыргызстан менен Россиянын эки облусу ортосундагы туризм, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун потенциалы толук ишке ашырыла электигин жана бул жолугушуу эки облустун мындан аркы кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Новосибирск облусунун губернатору өз ара пайдалуу байланышты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу чектөөлөргө карабастан, Кыргызстан менен Новосибирск облусунун ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 2020-жылга салыштырмалуу 46,5% га өскөн.

Кыргызстандын Башкы консулу өз сөзүндө Ысык-Көл облусунун экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, туризм тармагынын объекттерин, санаторийлерди, мейманканаларды, логистикалык борборлорду биргелешип куруу, Новосибирск областына жана Россиянын башка региондоруна  айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана аны кайра иштетүү  тууралуу маалымат берди. 

Ал эки облустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү максатында эки облустун ишкер чөйрөлөрү менен инвесторлорунун ортосунда түз байланыштарды түзүүгө чакырып, 2022-жылга чейин Ысык-Көл жана Новосибирск облустарынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну жана аталган сапарлардын алкагында тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушууларын өткөрүүнү сунуштады. 
 

Тэги: Новосибирск шаары Башкы консул. инвестициялык кызматташтык тышкы соода жүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу