Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу маселеси талкууланды

28.02.2022, 15:56 Акчабар
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Сауд Аравия Королдугунун коммерция министри Мажид бин Абдулла Аль-Касаби менен жолугушуп, инвестициялык мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү, өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу, туристтик потенциалды жана логистиканы кеңейтүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кожошев белгилегендей, Кыргызстандын аймагында Сауд Аравия жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим иштейт. 

Ал кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта алгач ирет Бишкек - Джидда – Бишкек чартердик каттамы ачылды.

«Түз авиакаттамдардын ачылышы ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара туризмди чыңдоого, эки элдин алакасын жакшыртууга жана өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт», - деди Кожошев.

Өз кезегинде коммерция министри өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү анча чоң эмес, аны көбөйтүүгө бизде бардык шарттар бар», - деди Маджид бин Абдулла Аль-Касаби.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу