Кыргызстан мунай продуктыларын экспорттоону көбөйттү. Товар Европага чейин жетүүдө

19.07.2022, 12:19 Акчабар
Кыргызстан мунай продуктыларын экспорттоону көбөйттү. Товар Европага чейин жетүүдө

Ушул жылдын январь-май айларында мунай продуктуларынын экспорту физикалык түрдө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсе өстү. Мында жеткирүүдөн түшкөн киреше 2,7 эсеге көбөйүп, 57 млн ​​951,4 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Кыргызстан Азия менен Европанын 62 өлкөсүнө мунай продуктуларын жеткирет. 2022-жылы негизги өнөктөштөр Түркия (39,2 миң тонна), Мальта (13,7 миң тонна), Кытай (9,3 миң тонна), Нидерланд (8,8 миң тонна), Өзбекстан (5,1 миң тонна), Румыния (4,7 миң тонна), Бельгия (3,6 миң тонна) жана Бириккен Араб Эмираттары (1,8 миң тонна) болгон. Белгилеп кетсек, 2022-жылы Грузияга жеткирүү кескин азайып, Италия өткөн жылы 14,7 миң тоннадан ашык импорттогонуна карабай, учурда Кыргызстандан мунай продуктуларын алууну токтоткон.

Кыргызстан негизинен керосин, авиакеросин жана мазут жеткирет.

Алсак, өткөн жылга салыштырмалуу керосинди жана авиакеросинди берүү физикалык түрдө үч эсеге, акчалай алганда төрт эсеге көбөйүп, 40,65 миллион долларды түздү.

Мазуттун экспорту физикалык түрдө 46%га, акчалай түрдө 2,2 эсеге өсүп, 16,47 млн. долларды түзгөн.

Кошумчаласак, Кыргызстан мурда Өзбекстан менен Тажикстанга аз көлөмдө бензин жана мунай экспорттосо, быйыл жеткирүүнү толугу менен токтоткон.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу