Кыргызстан Гонконгго транс чек аралык төлөмдөрдүн көлөмүн 55 эсе көбөйттү

19.06.2023, 10:17 Акчабар
Кыргызстан Гонконгго транс чек аралык төлөмдөрдүн көлөмүн 55 эсе көбөйттү

Ушул жылдын алгачкы үч айында Кыргызстан телекоммуникациялык системаларды колдонуу менен транс чек аралык төлөмдөрдү алда канча көп жүргүздү. Алар 128,9 миң транзакция аркылуу жалпысынан 1 триллион 908 миллиард 107 миллион сом жөнөтүшкөн.

Анын ичинен 109 миллиард 965,6 миллион сом Гонконгго (Сянган) жөнөтүлгөн. Бул Кыргызстандын ар кайсы өлкөлөргө төлөгөн бардык төлөмдөрүнүн 6%га жакынын (же 5,76%) түзөт. Белгилеп кетсек, Гонконгго жөнөтүлгөн сумма өткөн жылга салыштырмалуу 54,9 эсеге өскөн.

Кытайга төлөмдөр да өстү, бирок кескин түрдө эмес. Бул көрсөткүч 3,4 эсеге өсүп, 169 миллиард 587,4 миллион сомго жеткен.

Ал эми Кыргызстанга 96,5 миң транзакциянын жыйынтыгында жалпысынан 1 триллион 526 миллиард 757 миллион сом түшкөн. Гонконг жана Кытай телекоммуникациялык системалар аркылуу республикага тиешелүүлүгүнө жараша 1 млрд 510,9 млн сом (2022-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 42,1%га азайган) жана 10 млрд 127,1 млн сом (241%га өскөн) жөнөтүшкөн.

Тэги: новости Кыргызстана Гонконг трансграничные платежи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу