Кыргызстан өлкөнү өсүмдүк майы менен камсыздоодо 90% импортко көз каранды. Ушуга байланыштуу бул продукциянын баасы башка мамлекеттердин өндүрүш ишканаларындагы дүң баасына жараша болот. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мекеме Орусиянын заводдорунда дүң баасы литрине 142 сомдон сатылып жатканын билдирди. Бул суммага импорттоочунун пайдасын эсепке алуу менен транспорттук (20%га жакын) жана кошумча чыгымдарды кошуу керек. Муну менен Кыргызстанда дүң баасы литрине 154,8 сомду, чекене сатуунун өздүк наркы 160 сомду түзөт.
Учурда өсүмдүк майынын баасы турукташып, өндүрүүчүсүнө жараша литри 130 сомдон 185 сомго чейин болууда.
Белгилеп кетсек, 2021-жылы күн карама майын негизги жеткирүүчүлөр Орусия жана Казакстан болгон.