Кыргызстан CASA-1000 долбооруна үчүнчү жактын катышуусун карап жатат

19.08.2021, 13:54 Акчабар
Кыргызстан CASA-1000 долбооруна үчүнчү жактын катышуусун карап жатат

Бүгүнкү күндө CASA-1000 долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп жатат, анткени ал учурда ишке ашыруунун активдүү баскычында турат жана Пакистан менен Ооганстанды таза жашыл энергия менен камсыз кылууга багытталган. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев III кыргыз-орус бизнес форумунда билдирди.

Ал кошумчалагандай, CASA-1000 долбооруна ылайык, жакынкы 15 жылда Кыргызстан менен Тажикстан 40тан 60ка чейинки пропорция менен майдан сентябрга чейин Пакистан жана Ооганстанга 500 миллиондон 1,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергиясын жеткирет.

"Электр энергиясына суроо-талап өсүүдө жана бул тенденция улана берет. Ушуга байланыштуу, биз өнөктөштөр менен CASA-1000 долбооруна үчүнчү жактардын катышуу маселеси боюнча иштеп жатабыз", - деди Айталиев.

Тэги: CASA-1000 Тилек Айталиев кыргызско-российский форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу