Былтыр Кыргызстан Орусияга 9,6 миң тонна тез даярдалуучу шорпо (кукси) экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айына карата тышкы жана өз ара соода боюнча отчетунда айтылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан бул сыяктуу товарларды сатып алган жалгыз өлкө Орусия. Эгерде 2021-жылы январь-ноябрь айларында орусиялык импортерлор кыргызстандык өндүрүүчүлөрдөн 80 тонна гана тез татым сатып алышса, өткөн жылдын ушул мезгилинде жеткирүүнүн көлөмү 120 эсеге көбөйгөн.
Кыргызстанда тез татым (кукси) жана башка ушул сыяктуу гомогендүү азыктарды чыгарган ишканалардын Россия болгон экспорттон түшкөн киреше 2022-жылы 60,6 миллион сомдон ашса (717,3 миң доллар), 2021-жылы 24,8 миллион сомду (292,8 миң доллар) түзгөн.