Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2020-жылдын январь-октябрь айларда 4.7 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу товарайлануу 18.1% төмөндөгөн. Бул маалымат Улуттук статистикалык комитеттин сайтына жайгаштырылды.
Комитеттен белгилешкендей, экспорттун көлөмү 4.7% өскөн, импорт 26.9% кыскарган.
Кыргызстандын ЕАЭБ менен өз ара соода жүгүртүүсү 2 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу товаржүгүртүү 13.7% кыскарган. Өз ара соода жүгүртүүнүн көпчүлүк үлүшү Россияга (64.1%) жана Казакстанга (33.9%) туш келген.