Кыргызстан эң кымбат кофени кайдан сатып алат?

18.07.2023, 15:45 Акчабар
Кыргызстан эң кымбат кофени кайдан сатып алат?

Ушул жылдын январынан май айына чейинки мезгилде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн кофе импорту нарктык мааниде 42,7 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтындагы маалымат тастыктайт.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4%га өскөн, былтыр импорттун көлөмү 31,7 млн ​​сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, быйыл импорттук кофенин орточо баасы 851 сомду түзсө, мурда килограммы 701 сомдон сатылган.

Кофенин негизги жеткирүүчүсү Россия болуп саналат, ал 37,7 миллион сомдук продукцияны экспорттогон. Андан кийинки орунда 4,2 миллион сомдук кофе жөнөткөн Казакстан турат.

Кыргызстан Беларустан эң аз кофе алган, тактап айтканда сумма 738 миң сом.го бааланган.

Эң кымбат кофе Казакстандан келген. Анын орточо баасы килограммына 1000 сом болсо, эң арзаны Беларусиядан келип, килограммы 284 сом болгон.

Тэги: новости экономика Кыргызстана кофе импорт ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу