Каржы министрлиги 2024-жылы санариптик трансформация тармагындагы иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга 600 млн сом бөлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 100 млн сомго көп.
Мындай чечим өлкөнүн санариптик трансформациясын андан ары өркүндөтүүгө багытталган “Санариптик Кыргызстан 2024-2028” санариптик трансформациянын жаңы концепциясынын алкагында кабыл алынды.
2019-2023-жылдар аралыгында 197 иш-чара ишке ашырылып, дагы 19у аяктады.