ЕАЭБде 2021-жылдын январь-март айларында жүргүзүлгөн курулуш иштеринин көлөмү 23,5 миллиард долларды түздү. Кыргызстандын үлүшүнө 0,2% гана туура келет, деп айтылат Евразия экономикалык комиссиясынын кварталдык отчетунда.
ЕЭКте белгиленгендей, отчеттук мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасында курулуштун көлөмү 50 миллион долларды гана түзгөн - бул биримдиктеги эң төмөнкү көрсөткүч. Арменияда көлөм кыргыздардыкынан 7,6 миллион долларга ашык болгон.
Беларуста жумуштун көлөмү 850,2 миллион долларга, Казакстан 1,2 миллиард долларга, Орусияда 21,3 миллиард долларга жетти.