2023-жылдын январь-сентябрь айларында туристтик кызматтардын импорту, кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү чыгашалары эсеп боюнча 406,6 млн долларды түздү.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,8 эсеге өскөн.
Мында Кыргызстандын чет элдик жарандарды кабыл алуудан түшкөн кирешеси 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйүп, 806,4 млн долларды түздү.