2024-жылдын январында Кыргызстан эң көп Кытайдан цитрус жемиштерин импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Алсак, аталган мезгилде Кыргызстанга 4,7 миң тонна цитрус жемиштери импорттолуп, көлөмү 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 37,6%га өскөн. Нарктык мааниде 3,1 млн долларга чейин 41,5% оң динамика байкалган.
Ошентип, бир тонна цитрус жемиштеринин баасы 674 долларга көтөрүлгөн. Өнүмдөр негизинен Кытай менен Пакистандан келген.