Кыргызстанда эң жогорку пенсия 50 миң сомдон ашат

02.02.2024, 17:41 Акчабар
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 50 миң сомдон ашат

Кыргызстанда 400 миңден ашык адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Алар мамлекеттик кызматта иштегендер эмес. Бул тууралуу “Акчабарга” Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. 

Анын айтымында, жогорку пенсия алгандар тоо-кен, зыяндуу оор жумуштарда, банк тармагында, ЖОЖдордо агартуу-окутуучу болуп иштеген жарандар. 

“Алар пенсиянын камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төлөшкөндөн пенсияга чыкканда көбүрөөк акча алышат. Ал эми, аз пенсия алгандар камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек стажы аз болгондор”, - деди ал. 

 

Тэги: пенсия Соцфонд пенсия алуучулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу