“Улуттук электр тармагы” ишканасы электр энергиясы эң көп колдонулган саат 6:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейинки убакытта чектөө киргизет. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Ишкана муну Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери жүрүп жаткандыгы жана электр станцияларынын генерациялоочу кубаттуулугунун төмөндөшү менен байланыштырды.