Кыргызстанда 20-февралга карата көмүргө болгон чекене баа январь айына салыштырмалуу 135,03 сомго же 3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети кабарлады.
Орточо эсеп менен эң бийик баалар Ноокат шаарында (тоннасы үчүн 7 миң 397,65 сом), Баткен шаарында (тоннасы үчүн 6 миң 676,43 сом), Кара-Суу шаарында (тоннасы үчүн 6 миң 245 сомду) түзгөн.
Баалардын көрүнүктүү төмөндөшү Баткен шаарында – тоннасы үчүн 609,36 сомго (8,4 пайызга), Исфана шаарында – 500,33 сомго (7,7 пайызга), Жалал-Абадда- 489,89 сомго (9,5 пайызга) жана Покровка айылында- 500 сомго (11,1 пайызга) байкалгандыгы айтылат. Бирок кээ бир жерлерде көмүргө болгон баа өзгөрбөстөн январь айынын деңгээлинде калган.