Кыргызстанда «Мир» карталары 5-апрелден тарта иштебейт

03.04.2024, 10:18 Акчабар
Кыргызстанда «Мир» карталары 5-апрелден тарта иштебейт

5-апрелден тарта “Мир” картасы Кыргызстанда иштебейт. Бул тууралуу Банктар аралык процессинг борбору (“Элкарт” төлөм системасынын оператору) билдирди.

Февралдын соңунда АКШ Орусиянын “Мир” (“Улуттук төлөм карталар системасы” АА) карталарынын операторуна санкция киргизген. Кыргызстанда экинчи санкцияларды салуу тобокелчилигин азайтуу үчүн өз ара кызматташууну жана тейлөөнү токтотуу чечими кабыл алынганы белгиленди.

5-апрелден кийин төмөнкү операциялар ишин токтотот: 

  • POS-терминал аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүү жана банкоматтардан акча чыгарып алуу;
  • картадан картага акча которуу;
  • электрондук коммерция — картадан соода-сервистик ишканалардын эсебине онлайн-төлөм.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу