2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 769 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимуму айына – 8 миң 669 сомду, пенсия курагындагылар үчүн – 6 миң 886 сомду, балдар үчүн – 6 миң 632 сомду түздү.
Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Нарын облусунда – 8 миң 124 сом, эң төмөнкүсү Ысык-Көл облусунда – 7 миң 195 сом болду.