Кыргызстандын алмалары Өзбекстанда эң төмөн баада сатылууда

07.02.2020, 16:00 Акчабар
Кыргызстандын алмалары Өзбекстанда эң төмөн баада сатылууда

Өзбекстандын рыногуна Кыргызстандын алмалары массалык түрдө келе баштады. Бирок, кыргызстандык өндүрүүчүлөр алманын бир килограмм баасын 2 доллардан сатабыз деп, өзбекстандык ишкерлерди шок кылышкан. Бул тууралуу podrobno.uz порталы кабарлады.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун эл аралык консультанты Бахтиер Абдувохидовдун айтымында, кыргыз алмаларын Өзбекстандын дүң базарларында килограммы үчүн 0,60 долларга дагы табууга болот.

Салыштыра кетсек, ирандык алмалардын орточо дүң баада килограммына 1,15 долларга сунушташууда, тагыраак айтканда, эки эсеге кымбат. Бирок жергиликтүү алмаларга караганда, иран алмалары арзан.

Кырдаалды сактап калуу үчүн жергиликтүү ишкерлер көпчүлүк учурда ирандын алмаларынын пластикалык тарасын мурун банандар салынып турган коробкаларга салуу менен кайра таңгактап чыгышат, аны менен ишкерлер алмаларды өзбекстандын алмасына окшоштурууга аракет кылышат.

Кыргызстандык алмалар тууралуу айта турган болсок,  негизинен, «Старкримсон» жана «Ренет Симиренко» эки сортундагы алмалар ташылып киргизилет. Алардын сапаты идеалдуу болбосо дагы,  жетиштүү деңгээлде алгылыктуу.

Рынокто Кытайдан келген алмалар дагы бар.

Албетте, мындай шарттарда жергиликтүү алманы сатуу андан бетер оорлойт. Январь айында Өзбекстанда алмага болгон баа орточо эсеп менен 20 пайызга төмөндөгөн, ал эми Кыргызстандан арзан алманын алынып келиниши баалардын мындан дагы төмөндөшүнө алып келет. Кээ бир трейдерлердин сактагычтарындагы алмалар бузула баштаган жана алар аны сатып түгөтүүгө аргасыз болушкан.

Тэги: рынок алма баа өзбекстан кыргызс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу