Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү төмөндөдү

17.01.2024, 13:40 Акчабар
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү төмөндөдү

2023-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 3,9 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 11,0%га азайды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылы өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (65,9%) жана Казакстанга (31,7%) туура келген.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү былтыр январь-ноябрь айларында 10,0 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү.

 

Тэги: өз ара соода жүгүртүү ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу