Кыргызстандын курулуш компаниялары АКШда турак жай курушу мүмкүн

29.02.2024, 14:00 Акчабар
Кыргызстандын курулуш компаниялары АКШда турак жай курушу мүмкүн

АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү менен Колорадо-Спрингс шаарынын жетекчилигинин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. 

Кыргызстандан делегацияны төрага Куванычбек Конгантиев, ал эми америкалык тараптан шаардык кеңештин төрагасы Рэнди Хелмс, мэр Йеми Моболаде жана Соода-өнөр жай палатасынын президенти Жоанна Ридер Клеймер катышты.

"Тараптар эки шаардын өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар негизги багыттарын камтыган кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Сүйлөшүүдө билим берүү жана тил практикасынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле туризмди өнүктүрүү үчүн студенттер менен мектеп окуучуларынын академиялык алмашуусу талкууланды", - деп айтылат маалыматта. 

Колорадо-Спрингс штатында турак-жай жетишсиздигин эске алуу менен турак жай курулушу жаатында кызматташуу маселеси да көтөрүлдү. 

Тараптар кыргыз курулуш компаниялары менен кызматташуу маселесин иликтөө боюнча макулдашууга жетишти. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев кыргыз делегациясынын иш сапары эки тараптуу мамилелерди чыңдоого шарт түзүп, маданият, билим берүү, экономика, туризм сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөрүн баса белгиледи.

Тэги: курулуш АКШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу