Кыргызстандын президенттери жана алардын башкаруусундагы карыздыр

24.02.2022, 11:32 Акчабар
Кыргызстандын президенттери жана алардын башкаруусундагы карыздыр

Акыркы күндөрү Кыргызстандын президенттеринин арасынан кимиси чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан көбүрөөк карыз алган деген тема боюнча талаш-тартыштар күч алды. Мындан улам, убакыттын өтүшү менен мамлекеттин карызы кандай өңүттө өзгөрүп келгендигин «Акчабар» порталы анализдеп көрүүнү чечти.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын мамлекеттик карызы 5 млрд 147.22 млн долларды түздү. Анын ичинен 4 млрд 294.57 млн доллары – тышкы карыз, ал эми 852.64 млн доллары ички карыз.

Тышкы карызды эсептөөдө бир жагдай эске алынбай калганы байкалат. Ал насыялык келишим боюнча макулдашуу жана ага кол коюу бир президенттин убагында болгон, ал эми каражаттар экинчи бир президенттин убагында алынган деген жагдай.

 

Каржы министрлигинин маалыматына таяна турган болсок, Кыргызстандын тышкы карызы Аскар Акаевдин башкаруусу учурунда дээрлик көп эсе алынган (1 млрд 949 млн доллар). Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин убагында да каражат көп алынган (1 млрд 287 млн доллар). Үчүнчү орунда Курманбек Бакиев турат. Анын бакшаруусу убагында тышкы карыз 526 млн долларга өскөн.

 

Азыркы учурда Кыргызстан Кытайдын Экспорт-Импорттук банкынын алдында өтө чоң карыздар. Ал сумма жалпылап алганда 1,8 млрд долларды түзөт. Ал эми эң ири насыя берүүчүлөрдүн тизмесинде – Эл аралык валюта фонду (340 млн доллар), Азия өнүктүрүү банкы (668 млн доллар), Эл аралык өнүктүрүү асоциациясы (652 млн доллар) жана Ислам өнүктүрүү банкы (158 млн доллар) турат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу