КМШ өлкөлөрүнөн келген түз инвестициянын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 12%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Кыргызстанга салынган чет өлкөлүк түз инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң үлүштү Түркия (30,7%), Кытай (26,3%), Нидерланды (5,9%) жана Улуу Британия (2,8%) ээлейт.
Былтыр 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Ош шаарынын ишканаларына чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы көбөйгөн.