Кыргызстанга Түштүк Кореядан 600дөн ашык унаа мыйзамсыз ташылган

30.01.2024, 16:33 Акчабар
Кыргызстанга Түштүк Кореядан 600дөн ашык унаа мыйзамсыз ташылган

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаа ээлери өлкөгө 600дөн ашык унааны мыйзамсыз киргизишкен. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка ылайык, унаа эллери тетиктерди алып келе жатабыз деген шылтоо менен унааларды алып келишкен. 

“Бул аларга бажы төлөмдөрүн бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген. Мындай унаалардын алгачкы документтери болгон эмес, бирок “Унаа” компаниясынын адистери аларды мыйзамсыз каттоого алышкан”, - дейт мамлекеттик комитет.

Акыркы бир нече жылда бул схема менен өлкөгө 600дөн ашык унаа алынып келинип, бюджетке миллиондогон доллар зыян келтирилген.

Төрт адам кармалган, алардын экөөсү “Унаа” мекемесинин адистери болгон.

Тэги: ГУ Унаа Түштүк Корея мыйзамсыз унаа ташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу