Кыргызстан менен Будапешттин фондулук биржалары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. "КФБ" ЖАКтын атынан документке анын президенти Медет Назаралиев венгр тараптан – Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто кол койду.
Меморандум Кыргызстан менен Венгриянын мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыгына негиз болоору белгиленди. Эки өлкөнүн фондулук биржалары ар кандай финансылык инструменттерди колдонуу боюнча тажрыйба алмашып, соода технологияларын алмашат. Бул инвестиция тартуу үчүн эки өлкөнүн биржа соодасына катышуучулардын географиясын жана санын кеңейтет.
"Будапешттин фондулук биржасы Борбордук Европадагы эң чоң биржалардын бири. Эки фондулук биржанын ортосундагы Меморандумга кол коюунун бүгүнкү фактысы Кыргызстанда фондулук рынокту өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кол коюлган документтин алкагында биз биргелешкен продукцияны иштеп чыгып, биржалык соода аркылуу ишкерликти колдоо жана стимулдаштыруу жаатында тажрыйба алмашабыз", - деди Назаралиев.
Биржалар резидент компаниялар үчүн европалык биржага чыгууга компанияларга жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей башташат. Жакынкы келечекте башталчу конференцияларды жана семинарларды уюштуруу аркылуу бизнес коомчулугуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.