Бишкекте 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилинде 3297 аз камсыз болгон үй-бүлө катуу отундун ордуна акчалай компенсация алышкан. Бул тууралуу Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында өткөн коллегияда айтылды.
Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдарга карата калкка көмүр сатуу үчүн 8 отун базасы жана 27 стационардык станция ачылган.
“Алдыдагы жылытуу мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн отун базаларына 136,1 миң тонна көмүр жеткирүү, 4025 аз камсыз болгон үй-бүлөгө акчалай компенсация берүү пландаштырылууда”, - деп билдирет Турак жай-коммуналдык чарба департаменти.