Логистикалык көйгөйдөн улам дары-дармек келбей жатат

05.04.2024, 09:56 Акчабар
Логистикалык көйгөйдөн улам дары-дармек келбей жатат

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров логистика үзгүлтүккө учурагандыктан көптөгөн дары-дармектер Кыргызстанга келбей калганын билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, Кыргызстан Украинадан, Орусиядан жана Батыш өлкөлөрүнөн өндүрүлгөн дарылардын көбүн сатып алат. Украинадагы окуялардан улам логистика үзгүлтүккө учурады.  

Жапаров Министрлер кабинети жок дегенде жарандар мамлекеттин кепилдиги менен алышы керек болгон дары-дармектерди алып келүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

“Биз азыр “Эл Аман” жана “Кыргызфармация” дарыканаларынын тармагын өнүктүрүүдөбыз. Бул маселени да ушундай жол менен чечкенге аракет кылып жатабыз. Бизнеске да шарт түзүп жатабыз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстан боюнча дары-дармектерге байкоо жүргүзүү ишке кирет. Ал эми кайсы дарыканада кандай дары-дармектер жана канча көлөмдө бар экенин билебиз”, - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Тэги: новости Кыргызстана импорт лекарств Жогорку Кенеш КР Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу