Кыргызстанда курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындай чечим Түркияда болуп өткөн жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды.
Документке ылайык, мекемелер аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргызстандагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырмасы берилди.