Майлуу-Суу заводу 1 млрд сом насыя алды

20.12.2023, 12:50 Акчабар
Майлуу-Суу заводу 1 млрд сом насыя алды

Кыргызстандын өнөр жай тармагын жигердүү өнүктүрүүнүн алкагында 1 миллиард сом уставдык капиталы менен “Кыргызиндустрия” жоопкерчилиги чектелген коому түзүлгөн. Негизги максат – токтоп турган ишканаларды жандандыруу жана заманбап технологияларга жана жогорку өндүрүмдүүлүккө багытталган жаңы ишканаларды ишке киргизүү. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 млрд сом бюджеттик ссуда алган Майлуу-Суу лампа заводуна өзгөчө көңүл бурулууда. Шаарды түптөөчү заводго айланган ишкана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо менен бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар жана сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, "Кыргыз Петролеум" жана "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводдорго 900 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу маанилүү этап болуп саналат. Экономика министрлиги менен Министрлер кабинетинин административдик колдоо жана жеңилдиктер түрүндө колдоо көрсөтүүсү бул процессти тездетүүдө.

Ошондой эле, Бишкек штамптоочу заводуна 41 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

"Азия Стил" металл иштетүүчү заводу да масштабдуу модернизациядан өтүп, жалпы кубаттуулугу 150 миң тоннага жеткен темир жана болоттон жасалган буюмдарды өлкөнүн рыногунда эң ири өндүрүүчүгө айланганы белгиленди.

Тэги: Кыргызиндустрия Майлуу-Суу экономика новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу