Мамкызматкерлер «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча окуудан өтүүдө

26.04.2022, 13:45 Акчабар
Мамкызматкерлер «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча окуудан өтүүдө

Бардык аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларына үйрөнүү боюнча маалыматтык-окуу тренингине катышууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окутуу президенттин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруу иретинде өткөрүлүүдө. 

Жалпысынан окууга 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышат. Окутуу облустардагы жогорку окуу жайлардын жана Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда жүргүзүлөт. 

Окуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин “Infodocs” автоматтык маалымат тутумундагы электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүүгө багытталган. 

Тренер катары “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, шаардык калкты тейлөө борборлорунун жетекчилери жана кызматкерлери тартылган. Окутуунун алкагында муниципалдык кызматкерлерге “Е-Кызмат” жана “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү боюнча маалымат берилет. Окутуу жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүүнүн автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.

Тэги: Infodocs тренинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу