Мамлекет өлкөдө чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып алат

15.02.2022, 17:24 Акчабар
Мамлекет өлкөдө чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып алат

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда биринчи ата мекендик автобусту Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы жүргүнчүлөр үчүн сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берген ишенимдүү автобустарды чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечерин баса белгиледи.

Жапаров атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканада чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып аларын белгиледи. Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда завод менен туруктуу негизде кызматташуу маселеси каралат.

Белгилей кетүүчү нерсе, автобустарды нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады. Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

Дүйнөдө экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кезектеги сыноодогу үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечкен.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу