Мамлекетке 13.6 млрд сом зыян келтирилген

21.10.2020, 13:20 Акчабар
Мамлекетке 13.6 млрд сом зыян келтирилген

Башкы прокуратура жана УКМК Алмазбек Атамбаев менен Аскарбек Шадиевдин иши боюнча тергөө ишин аяктады. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Атамбаев менен Шадиев коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо мамлекетке 5,4 миллиард сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирген деп айыпталууда.

Ошондой эле 225 миллион сом суммасындагы кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда жана кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, ар кандай компаниялардын акцияларын жана башка материалдык баалуулуктарды алуу жолу менен 323,7 миллион сомго мыйзамсыз байыган деген факт менен кылмыш иши козголгон. 

Андан сырткары, Жалал-Абад облусундагы 7,2 миң тонна сурьма запасы бар Терек сурьма кенин, 8,2 млрд сомду түзгөн 265 килограмм алтын жана 4,2 тонна күмүш күч менен басылып алынган. 

Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 13,6 миллиард сомду түзгөн.

Тэги: Башкы прокуратура УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу