Мамлекетке дээрлик 14 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

05.10.2023, 11:00 Акчабар
Мамлекетке дээрлик 14 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы өлкөнүн Жер Кодексинин талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Текшерүү учурунда 2006-жылы Ленин райондук администрациясынын мыйзамсыз токтому менен А.И. аттуу жаранга “Арча-Бешик” конушунун Ч.Иманкулов көчөсүндөгү (Түштүк магистраль менен чектешет) жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн бөлүнүп, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу үчүн сот органдарына доо арыз менен кайрылып, бардык инстанцияда толугу менен канааттандырылган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Бишкек мэриясына талап келтирилип, 13 млн 992 миң сомго бааланган жер тилкеси шаардын балансына кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: жер тилкеси мамлекет мыйзам бузуу мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу