КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 4 аткаруу бийлик органдары текшерүүдөн өткөн. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүү шартына ылайык, аткаруу бийлигиндеги органдарды жана аларга караштуу мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөткөн мекемелерге 4 жолу текшерүү иши жүргүзүлгөн:
- КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы астындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо департаменти;
- КР Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация тармагынын ветеринардык дарыларды каттоо жана күбөлөндүрүү борбору;
- КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой-чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- КР ӨКМ астындагы гидрометеорология боюнча агенттиги;
Текшерүүнүн жыйынтыгында, отчеттук чейрек ичинде 13 млн. 367,7 миң сомду түзгөн мыйзам бузуу кирешеси табылган.
Андан сырткары, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 3 ишкердик субъектилерди текшерүүдөн өткөрдү:
- «Инфоком» МИ-сы;
- «Кыргызкөмүр» МИ-сы;
- «Электр станциялар» ААК-кы.