Мамлекеттик мүлк фонду 2020-жылы баардык мамлекеттик ишканаларды текшерет

04.02.2020, 15:00 Акчабар
Мамлекеттик мүлк фонду 2020-жылы баардык мамлекеттик ишканаларды текшерет

Дивиденддерди жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду планга чыкпай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджети жана каржы боюнча комитетинин отурумунда «Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов билдирди.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов бул туура маалымат экендигин айтты.

Анын айтымында, 2019-жылдын 16-декабрында аукциондук борбор жөнүндө токтом чыккан, эми мамлекеттик мүлктү сатуу жана ижарага берүү иштери аталган токтомго ылайык жүогүзүлөт.

«Андан сырткары, планга чыкпай калгандыгыбыз жөнүндө. 3000 аукцион жарыяланган, алардын ичинен 2000 болгон эмес. Аталган аукциондорду берүүнү каалабаган мурунку ижарачылар үзгүлтүккө учураткан. Ошондуктан ММФ төгүмдөрдүн өлчөмүн 3-4 эсеге көбөйткөн жана 2000 аукцион үчүн биз мүчөлүк акы төктүк. Андан сырткары, мамлекеттик үлүштөрү бар акционердик коомдордон түшкөн дивиденттер эмне үчүн аз? Алардын кирешеси 85 млрд сом, ал эми чыгымдары 80 млдр сом. Бул 80 млдр сомго тиешелүү суроолор бар. Быйыл биз Акционердик коомдорго аудиторлорду жиберебиз, баардыгын текшерип, чыгарыбыз»,-деди Ж. Исакулов.

Б. Райымкулов мурунку жетекчилер дагы ушинтип айтышканы менен, жыйынтык бобогондугун билдирди. Ага жооп катары Ж. Исакулов жумуш жүрүшү үчүн токтомдорду, ченемдик актыларын  чыгаруу керек экендигин айтты.

Тэги: мамлекеттик мүлк фонду текшерүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу