«Манас» аэропорту 2021-жылы кирешенин 1 млрд сомго көбөйүшүн күтүүдө

10.05.2021, 09:03 Акчабар
«Манас» аэропорту 2021-жылы кирешенин 1 млрд сомго көбөйүшүн күтүүдө

«Манас» эл аралык аэропорту 2020-жылдагы ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Кызыгы, бул жолу ачык акционердик коом консолидацияланган пайда жөнүндө маалыматтарды жарыялады (бардык туунду компаниялардын жана башкы компаниянын жалпы кирешеси). Буга чейин «Манас» компаниянын кирешеси жөнүндө гана маалымат берип келген.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2020-жылдын аягында консолидацияланган таза пайда 623 миллион 124 миң сомду түздү. Белгилей кетсек, 2019-жылда гана «Манас» ААК 2 миллиард 108 миллион 254 миң сом киреше тапкан. 2020-жылы канча киреше тапканын салыштырууга мүмкүн эмес. Толук маалыматты ААКнын консолидацияланган кирешеден бөлүп алууга болбойт.

Бирок, өткөн жылдын июль айындагы пандемияга байланыштуу «Манастын» жетекчилиги 2020-жылдагы иштин жыйынтыгында 107 миллион 503 миң сом өлчөмүндө пайда 94,9%га төмөндөйт деп күтүшкөн.

Үстүбүздөгү жылга карата таза же консолидацияланган пайда жөнүндө маалымат жок. Белгилүү болгондой, ААК 3 миллиард 571 миллион 378 миң сом киреше алууну күтүүдө. Бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миллиард сомго (938 миллион 987 миң сом) көп. Ошол эле учурда компания 3 миллиард 30 миллион 162 миң сом сарптоону пландап жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу чыгымдар дагы өсөт (490 млн сомго).

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча күтүлгөн киреше менен чыгашанын ортосундагы айырма 541,2 миллион сомду түзөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу