Эл аралык «Манас» аэропорту 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча «Мыкты листингдик компания» номинациясынын жеңүүчүсү деп аталды.
«Мыкты листингдик компания» номинациясы баалуу кагаздары Кыргыз фондулук биржасында катталган компанияларга ачык-айкындуулукту камсыз кылгандыгы үчүн ыйгарылат.
Мыкты листингдик компанияларды аныктоо үчүн талапкерлер төмөнкү критерийлер боюнча бааланышат:
- акцияларга болгон суроо-талап;
- фондулук рынокто баалуу кагаздарга байланыштуу активдүүлүк;
- акциялардын өтүмдүүлүгү,
- маалыматтардын ачыктыгы,
- очтеттук мезгилдеги каржылык көрсөткүчтөр.
2020-жылы Кыргыз фондулук биржасы Эл аралык «Манас» аэропортунун баалуу кагаздары менен 10,6 миллион сомго 90 бүтүм жүргүзгөн.