Кумаркана анан кара курай зонасы! Депутаттын демилгесин колдойсузбу?

12.07.2019, 15:53 Акчабар
Кумаркана анан кара курай зонасы! Депутаттын демилгесин колдойсузбу?

Эркин кумаркана аймагы. Ошол эле жерде кара курайды эркин эле сатып алуу демилгесин депутат Дастан Бекешов көтөрүп чыкты. Ал бул тууралуу алгач, социалдык баракчасына жарыялап, кийин бизге тастыктап берди. 

Көрсө, ал  Малайзияга чыккан сапарындагы кумарканалар менен кара курайды мыйзамдаштыруудан  тапкан пайдадан улам ушундай пикирди жазып чыканын айтты. 

«Бул өлкөгө канча деген туристер казино ойно үчүн келишет. Мен Гентинг деген аталыштагы кумарканага таанышуу үчүн баргам. Ал жакка туристер кумарканаларды карап, асма жолго саякатоого барышат. Алтургай Малайзияда дин дагы каршы болгон эмес.  Кумарканага тыюу салуу менен көз каранды адамдарды аяктыруу мүмкүн эмес. Ал эми чет элдиктердин акчасы тоскоол болбос»-эле деп билдирди ал. 

Ал кумаркана менен кара курайды  мыйзамдаштыруу  аймагы катары мурдагы америка авиабазасы жайгашкан аймакты атады.  Депутат 5 жылдан бери чаң баскан аймактан акча табууну сунуштады. Чет  элдиктер ошол эле аймактан чыкпай,кумар ойноп, кара курай чегип, андан казынаны кампайтууга неге болбосун деп суроо салган коомчулукка. Анда канча жумушчу орун, туризм өнүгөт деп билдирген. Болгону, кумарканага Кыргызстандыктарды киргизбөө керек деп кошумчалаган. 
 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу