MegaPay тиркемесинин жардамы менен Жолдо жүрүүнүн эрежелерине айып пулду төлөсө болот

01.04.2019, 10:40 Акчабар
MegaPay тиркемесинин жардамы менен Жолдо жүрүүнүн эрежелерине айып пулду төлөсө болот

MegaPay тиркемесинин жардамы менен Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандык үчүн салынган айып пулдар тууралуу SMS-маалымдоолорду алууга болот MegaPay тиркемеси жаңы опция менен толукталды.

Эми айдоочулар жол коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынгандыгын маалымдаган катты күтпөстөн, бул маалыматты өз алдынча Google Play Market   же App Store аркылуу  текшерип MegaPay алса болот. Сервистин колдонуучулары SMS-маалымдоону автоматтык түрдө алып, тиркемеден чыкпастан туруп эле айып пулду төлөй алат.

Айып пулдар тууралуу маалымдамаларга жазылуу акысыз. Бул үчүн Google Play Market же App Store аркылуу MegaPay тиркемесин смартфонуңузга жүктөп алып, жана да «Айып пулдар» бөлүмүндө унаа тууралуу маалыматты киргизүү жетиштүү. Бул кызматтын жардамы менен айып пулдардын бар же жок экендигин күн сайын текшерип турууга болот. Айып салуулар бар болгон учурда MegaCom абонентине тартип бузуу катталган жер жана убакыт тууралуу маалымат камтылган SMS келет.

Айып пулду кезек күтүп убара болбостон, аз убакыттын ичинде, эң башкысы, өзүңүзгө ыңгайлуу болгон учурда MegaPay электрондук капчыгы аркылуу төлөй аласыз. Толук маалымат компаниянын megacom.kg. расмий сайтында жайгаштырылган.

Тэги: MegaPay MegaCom ПДД sms-уведомления

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу