Мелис Сатыбалдиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын командачысы болуп 2016-жылдын май айына чейин иштеген. Андан кийин, анын эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө ачык булактарда маалымат жок.