Бүгүн, 4-ноябрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Турак-жай балдарга убактылуу пайдаланууга берилип жатканы маалым болду.
Кошумчалай кетсек, былтыркы жылы да муниципалдык бийлик тарабынан ата-энесиз алты бүтүрүүчүгө убактылуу турак жай берилген.