Свердлов районун оңдоп-түзөө иштери 2 млн. сомго жүргүзүлөт

08.10.2019, 13:00 Акчабар
Свердлов районун  оңдоп-түзөө иштери 2 млн. сомго жүргүзүлөт

Свердлов районунда 2 миллион сомго барабар болгон 11 долбоор жактырылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.  Учурда гранттык негизде каржылануучу долбоорлорду коомчулуктан кабыл алуу сынагы уланып жатат. 

Анын ичинен 7 долбоор көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын оңдоп-түзөөгө, үч долбоор кайрадан толугу менен ондоп-түзөө иштерине жана муздак суу, ысык суу менен камсыздоого жабдыктарды алуу жана дагы бир долбоор көчө жарыктарын калыбына келтирүүгө багытталган. Жогорудагы жактырылган долбоорлорду аткаруу бюджети 2 млн. сомду түзөт. 

 Эске сала кетсек, буга чейин Биринчи май районунда 11 долбоор жактырылып, 3 млн. 884 миң 965 сомго аткарылган. 

Тэги: Свердловский район конкурсный отбор финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу