«Манас» эл аралык аэропорту тейлеген каттамдардын саны 27% өстү

05.01.2024, 09:01 Акчабар
«Манас» эл аралык аэропорту тейлеген каттамдардын саны 27% өстү

"Манас" Эл аралык аэропорту” ААК Башкармалыгынын төрагасы  Манасбек Самидинов акыркы үч жылдагы каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн (конуу/кетүү) саны тууралуу билдирди. 

Анын айтымында, акыркы үч жылда тейленген каттамдардын жалпы саны 27%га өскөн. Эл аралык каттамдар 31%, ал эми ички каттамдар 19% өскөн.

Жылдын аягында жалпы каттамдардын саны дээрлик 43 миңди түздү.

Акыркы үч жылдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу 41% өстү. Эл аралык жүргүнчүлөрдүн агымы 53% өстү. Республиканын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу 17%га өстү.

“Манас” аэропорту тейлеген жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 5 млн 606 миң 912 жүргүнчүнү түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 480 миң 985 жүргүнчүгө же 9%га өскөн.

 

Тэги: авиарейсы новости Кыргызстана пассажиропоток Аэропорт «Манас»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу