Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны   571ге жетти

23.01.2020, 17:40 Акчабар
Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны   571ге жетти

Кытайда коронавирустун жаңы түрү менен ооругандардын саны 571ге жетти. Алардын ичинен 95 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 473 адам ооруну жуктуруп алса, 17 адам каза болгону айтылган.

Аталган вирус Кытайдын 25 провинциясына жана шаарына тараган. Каза болгондордун бардыгы 65 жаштан жогору болгон.

Коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан бир адам Гонконг, Макао, Тайванда аныкталган. Ал эми аталган илдетти жуктуруп алган учурлар АКШ, Түштүк Корея, Япония, Тайландда катталган.

Медициналык кароодо илдетке чалдыккандар менен тыгыз байланышта болгон 4928 адам бар.

 

 

 

Тэги: МИД Китай коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу