Тышкы иштер министрликтин Алтынчы саясий департаменттин жаңы директору болуп, Өмүралиев Эрмек Социалович дайындалды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
«КР ТИМдин Алтынчы саясий департаменти – 2019-жылы, экономикалык дипломатияны илгерилетүү максатында түзүлгөн. Инвестиция тартуу, атамекендик продукцияларды чет өлкөгө экспорттоо ж.б. туризмге байланышкан маселелерди башка ведомстволор менен биргеликте чечет. Департаменттин курамы азыр толук эмес, жаңыдан түптөлүп келе жатат», — деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.
Өмүралиев Э.С. Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин экономикалык жана административдик илимдер факультетин (2000-ж, Анкара ш.) аяктаган. Буга чейин КР ТИМ түзүмүндө, анын ичинде, борбордук аппаратта жана КРнын Турциядагы Элчилигинде түрдүү кызмат орундарда эмгектенип келген (1995-жылдан тартып). 2015-2020-жж. аралыгында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация Агенттигинин Директору кызматында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө эмгектенген. Түрк жана англис тилдерин билет.