2019 - жылы миңге жакын жумушчу орун түзүлгөн

11.02.2020, 13:00 Акчабар
2019 - жылы миңге жакын жумушчу орун түзүлгөн

2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 63,93 млн доллар инвестиция өздөштүрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Ал белгилегендей, агенттикте үч бөлүм бар. Алар: инвестицияларды тартуу, экспортту өнүктүрүү жана инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмү. Былтыр ушул багыттар боюнча иштер жүргүзүлгөн.

«2019-жылы 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 63,93 млн доллар инвестиция өздөштүрүлдү. Бир миңге жакын жумушчу орун түзүлдү», - деди ал.

Анын айтымында, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу 2-3 жылды талап кылат.

«Аны менен бирге 8 экспорттук долбоор ишке ашырылды», - деди ал.

Тэги: жумушчу орун миң инвестициялык долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу