Экономика министрлиги ишкерлер үчүн сыйлыктарды бере баштайт

17.09.2020, 09:01 Акчабар
Экономика министрлиги ишкерлер үчүн сыйлыктарды бере баштайт

Экономика министрлиги ишкердик субъекттерин сыйлоо тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыкты жана бекитти. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

 

Аталган Жобо ведомстволук сыйлыктардын түрлөрүн белгилейт жана сыйлыкка көрсөтүү жана ишкердик субъекттерин алар менен сыйлоо тартибин аныктайт 

Сыйлыктар маанилүү даражасына жараша бөлүнөт жана төмөнкүдөй тартипте белгиленет:

  • Ыраазычылык кат;
  • Ардак грамота;
  • «Мыкты жаш ишкер» наамы;
  • «Ишкер аял» наамы;
  • «Жылдын ишкери» наамы - сыйлык статуэткасы түрүндөгү жогорку наам.

 

Сыйлыктардын түрлөрү сунушталып жаткан адамдын мүнөзү жана эмгек даражасына жараша аныкталат. Сыйлыктар  Ишкерлер күнүндө жана башка маанилүү майрамдарда ыйгарылат.

Кезектүүлүк тартиби сыйлоодо таратылбайт. Жободо да жыл сайын тапшырылчу сыйлыктардын саны аныкталган (10дон 30га чейин).

Сыйлыктар экономиканы өнүктүрүүдөгү жана аны жөнгө салуу методдорун өркүндөтүүдөгү, мамлекеттик социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгуудагы жана жүзөгө ашырган, ишкердик жана инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөктөшкөн, жаңы, алдыңкы бизнести ачкандагы, жаңы жумушчу орундарын түзгөндө кеминде 10 адамга иштөө жана жетишкендиктери үчүн берилет.

Сыйлыкка көрсөтүү укугуна бизнес ассоциациялар жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ээ боло алат. Документтерди кароо комиссиялык түрдө жүргүзүлөт.

 

 

Тэги: бизнес Минэкономики награждение предприниматели заслуги награда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу